Бакыт Шаршембиев: Кыргыз тили сансыз кылымдарды карыткан өтө байыркы жана абдан бай тил

22.09.2018

Урматтуу мекендештер жана кесиптештер!

Бардыгыңыздарды «Кыргыз тили» өзгөчө майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Кыргыз тилибиз сансыз кылымдарды карыткан өтө байыркы жана абдан бай тил экенин эч качан унутпасак.

Биздин Кыргыз тилибизде дүйнөлүк алкакты камтыган оозеки жана адабий чыгармаларыбыз бар экендигин толук сыймыктануу менен айтууга болот.

Кыргыз тилибиздин тарыхый оош-кыйыштардан улам ар кандай сыноололорду – кыйратуучу кыйын кезеңдерди башынан өткөргөнүнө карабай,  ага мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери тиешелүү көңүл бурула баштаганы ар бирибизди кубандырбай койбойт.

Байыркыдан бери улуу муундарыбыз аркылуу уланып келе жаткан «Эне тилибизди» барктоого, кастарлоого, анын жогорку деңгээлде өсүп-өнүгүп турушуна ар бир кыргыз жараны салымын кошууга милдеттүү,- деп ойлоймун.

Өз тилибизди даңазалаган майрамыбыздын мааниси мындан ары да артып, Ала-Тоо - Кыргыз жерибиздин асманы дайыма ачык болуп турсун!

 

Терең  урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы

Шаршембиев Бакыт Нуржанович